Россияда порох заводунда жарылуу болду
Жарылуудан 5 кишинин каза болгону, 13 кишинин жараланганы белгиленди.
2002628
Россиянын Тамбов облусунда порох чыгаруучу заводдо болгон жарылуудан 5 киши каза болуп, 13 киши жаракат алды.
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тамбов облустук башкармалыгынын билдирүүсүндө, кечээ порох заводунда жарылуу болуп, андан кийин өрт чыкканы билдирилди.
Билдирүүдө жарылуудан 5 кишинин каза болгону, 13 кишинин жараланганы белгиленди.