Йеменден Сауд Арабиясына 7 жылдан кийин биринчи каттам...

Аталган каттамдын 2016-жылдан бери Сауд Арабияга жасалган биринчи коммерциялык каттам болгонун белгилеген жетекчи, учакта ажылык парзын аткаруу үчүн жолго чыккан 275 йемендик бар экени белгиледи.

2001036
Йеменден Сауд Арабиясына 7 жылдан кийин биринчи каттам...

Йеменде Иран колдогон хусилердин көзөмөлүндөгү борбор Санадан 7 жылдан кийин Сауд Арабияга биринчи каттам жасалды.

Сана эл аралык аэропортунан аты-жөнүн жарыялоону каалабаган бир расмий өкүл, Йемендин улуттук авиакомпаниясы Yemenia Airways компаниясына таандык учактын Сауд Арабиянын Жидде шаарындагы «Король Абдулазиз» эл аралык аэропортуна баруу үчүн учуп кеткенин айтты.

Аталган каттамдын 2016-жылдан бери Сауд Арабияга жасалган биринчи коммерциялык каттам болгонун белгилеген жетекчи, учакта ажылык парзын аткаруу үчүн жолго чыккан 275 йемендик бар экени белгиледи.

Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлиги тарабынан кечээ жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Йемендик ажылыкка талапкерлердин Сана аэропортунан түздөн-түз Король Абдулазиз аэропортуна баруу чечиминин Йемен элинин кайгысын жеңилдетүү максатында Король Салман бин Абдулазиздин буйругу менен кабыл алынганы белгиленди.

2015-жылдан бери Йеменден ажылык жана умрага барууну каалагандар жарандык согуштан улам Сана аэропортунун тышындагы альтернативалык аба жана кургак жолдорду колдонууга аргасыз болушкан.



Тектеш кабарлар