Майон жанар тоосунда вулкандык агым көпкө созулушу мүмкүн

Майон жанар тоосу 11-июнда лава чачырата баштаган жана аймактан 18 миң киши эвакуацияланган.

2000672
Майон жанар тоосунда вулкандык агым көпкө созулушу мүмкүн

Филиппиндерде Майон жанар тоосунун жарылышы менен башталган вулкандык агымдын көптөгөн айларга созулушу мүмкүн экендиги эскертилди.

Филиппин вулканология жана сейсмология институтунун президенти Тересито Баколкол билдирүүсүндө Филиппиндин борбор шаары Маниладан 330 километр түштүк-чыгышта жайгашкан Майон жанар тоосунан чыккан агымдын уланып жатканын айтты.

Учурдагы агымдын адам өмүрүнө коркунуч келтирбей турган деңгээлде экенин белгилеген Баколкол сөз болуп жаткан вулкандык окуясынын 3 ай же андан да көпкө созулушу мүмкүн экенин эскертти.

Баколкол агымдар жай кыймылдаганы менен адамдардын этият болушу керектигин айтты.

Майон жанар тоосу 11-июнда лава чачырата баштаган жана аймактан 18 миң киши эвакуацияланган.



Тектеш кабарлар