Босния Герцеговинада мечит жана бошняктардын үйлөрүнө кол салуу болду

Каплина ислам кеңешинин башкы имамы Адем Сута акыркы күндөрү бир топ кол салуулардын болгондугун айтты.

2000126
Босния Герцеговинада мечит жана бошняктардын үйлөрүнө кол салуу болду

Босния Герцеговинанын Каплина шаарына караштуу Сурманжиде мечит жана бошняктар жашаган үйлөрдүн акыркы күндөрдө көп сандаган кол салууга дуушар болгондугу билдирилди.

Каплина ислам кеңешинин башкы имамы Адем Сута акыркы күндөрү Сурманжиде  бир топ кол салуулардын болгондугун белилеп : «Оболу мечиттин айнектери  сынды андан кийин мечиттин терезелери менен каалгалары пневматикалык куралдар менен атылды»,- деди.

Кол салуучулардын бул кол салууларын улантып жаткандыгын баса белгилеген Сута : «Эң жаманы  жаназа намазы окулуп жаткан учурда жаназа коюлган таш турган жерге өлүк кескелдириктер ыргытылды. Бошняктарга  бир кабар берүүнү каалашты",- деди.

Сута бошняктар жашаган үйлөрдүн айнектеринин да сынгандыгын айтып : «Ибадаткана жана үйлөргө жасалган бул кол салуулар биздин ишеничибизге жана улуттук күбөлүгүбүзгө  карата жасалды. Полиция кол салгандарды изилдеп жатат»,- деди.



Тектеш кабарлар