Түндүк Корея түштүк кореялыктардын маалыматтарын уурдоо үчүн интернет порталынын көчүрмөсүн жасады
Йонхаптын кабарына караганда, Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо агенттиги (NIS) Түндүк Кореянын Naverге окшош издөө системасын курганын жарыялады.
Түндүк Корея түштүк кореялык колдонуучулардын маалыматтарын уурдоо үчүн өлкөнүн эң көп колдонулган издөө системасы жана интернет порталы Naverдин көчүрмөсүн жасады.
Йонхаптын кабарына караганда, Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо агенттиги (NIS) Түндүк Кореянын Naverге окшош издөө системасын курганын жарыялады.
NIS билдирүүсүндө түндүктүн издөө системасы аркылуу түштүктүк колдонуучулардын сырсөздөрү менен колдонуучу аттарын уурдап, жеке маалыматтарына жетүүнү максат кылганына көңүлдөрдү бурду.
Түндүктүн кибер алдамчылык кылууга аракет кылганын баса белгилеген NIS, Naver башкы баракчасынын бардык бөлүмдөрү, анын ичинде синхрондуу кабар бөлүмү да так көчүрүлгөндүгүн билдирди.
NIS сайттарга кирүүдө этият болууну эскертип, эгер фейк экени аныкталса, сайтка кирүүнү токтотуу керектигин белгиледи.
Түштүк Кореяда эң көп колдонулган веб-сайттардын бири болгон Naver порталы карталар, онлайн төлөм системалары, блог жана чат сайттары сыяктуу түрдүү тармактарда кызмат көрсөтүүдө.