БУУ Судандагы кагылышуулардан тынчсызданууда

БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррештин  Судандагы кагылышуунун  күч алган этникалык өлчөмүнөн олуттуу түрдө тынчсызданып жаткандыгы билдирилди.

1999358
БУУ Судандагы кагылышуулардан тынчсызданууда

БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррештин  Судандагы кагылышуунун  күч алган этникалык өлчөмүнөн олуттуу түрдө тынчсызданып жаткандыгы билдирилди.

БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Гутеррештин Судандагы тараптарга кайрадан «кагылышууну акырына чыгарууга чакыргандыгын» белгиледи.

Катчылыктын билдирүүсүндө Гутеррештин БУУнун Судан калкына болгон колдоосун кайталагандыгы белгиленип, 9 миллион кишинин гуманитардык жардамга муктаж экендиги, талап  - тоноолордун да токтотулушу керектигин баса белгилегендиги айтылды.

Гутеррештин өзгөчө Дарфурдагы абалдан тынчсызданып жаткандыгы билдирилип, баш катчынын аймактагы кенен масштабдуу зомбулук жана жарандык жоготуудан  чочулагандыгы маалыдалды.

Билдирүүдө : «Баш катчы Судандагы кагылышуунун  барган сайын күч алган этникалык көлөмү жана сексуалдык зордук-зомбулуктун күчөшүнөн олуттуу тынчсызданууда",- деп айтылды.



Тектеш кабарлар