Гутерриштен социалдык медиа эскертүүсү

Гутерриш БУУда санариптик платформалар боюнча өткөргөн маалымат жыйынында, жаңы технологиялар жана алардын коркунучтарынын тездик менен күчөп жатканын айтты.

1998869
Гутерриштен социалдык медиа эскертүүсү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш санариптик мейкиндикте жек көрүүнүн жана калптын жайылышынын олуттуу глобалдык зыянга себеп болгонун баса белгилеп өкмөттөрдү, технологиялык компанияларды жана башка кызыкдар тараптарды чара көрүүгө чакырды.

Гутерриш БУУда санариптик платформалар боюнча өткөргөн маалымат жыйынында, жаңы технологиялар жана алардын коркунучтарынын тездик менен күчөп жатканын айтты.

Жасалма интеллекттин эң акыркы абалына байланыштуу «эскертүү коңгуроолорунун» кагылганына басым жасаган Гутерриш, бул технология тууралуу эскертүүлөрдүн аны иштеп чыккандардан келгенине көңүл бурду.

Антонио Гутерриш: «Окумуштуулар жана эксперттер, жасалма интеллекттин адамзат үчүн ядролук согуш коркунучуна барабар экзистенциалдык коркунуч экенин жарыялап дүйнөнү чара көрүүгө чакырышты. Биз бул эскертүүлөргө олуттуу мамиле кылышыбыз керек»,- деди.

«Санариптик мейкиндикте жек көрүүнүн жана калптын жайылышы олуттуу глобалдык зыянга себеп болууда»,-деген Гутерриш мунун кагылыштарды, өлүмдү жана кыйроону күчөтүп жатканын баса белгиледи.

Социалдык медианын кризис учурунда коомчулукту колдогонун жана четте калгандардын үнүн көтөргөнүн эске салган Гутерриш, бирок бүгүнкү күндө ошол эле технологиянын үмүт эмес, коркуу булагы болгонун айтты.

Гутерриш санариптик платформалардын илимди баш аламан кылуу, миллиарддаган адамдарга жалган маалымат жана жек көрүүчүлүктү жайылтуу үчүн туура эмес колдонулуп жатканын, мунун учурдагы глобалдык коркунуч экенин, ошондуктан ачык жана координацияланган глобалдык аракеттерди талап кылаарын баса белгиледи.

Гутерриш БУУ тарабынан жарыяланган отчеттогу сунуштардын санариптик мейкиндикти дагы коопсуз жана инклюзивдүү кылууну максат кылганын, ошол эле учурда адам укуктарын күчтүү түрдө коргогондугун билдирди.



Тектеш кабарлар