Израиль 25 палестиналыкты камакка алды

Израиль аскерлери эртең менен Батыш Шерианын ар кайсы шаарларына операция жүргүзүштү.

1997136
Израиль 25 палестиналыкты камакка алды

Израиль басып алынган Батыш Шериада 25 палестиналыкты камакка алды.

Палестиналык туткундар коомунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Израиль аскерлери эртең менен Батыш Шерианын ар кайсы шаарларына операция жүргүзүштү.

Аскерлер 14ү Наблуста болуп 25 палестиналыкты камакка алды.

Камоолорго байланыштуу Израиль тарабынан эч кандай билдирүү жасалган жок.

Басып алынган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста үйлөргө тез-тез тинтүү жүргүзгөн Израиль күчтөрү, палестиналыктарды ар түрдүү айыптоолор менен камакка алууда. 

Рейддерге реакция кылган палестиналыктар менен Израиль аскерлеринин ортосунда маал-маалы менен кагылышуулар чыгып турат.



Тектеш кабарлар