Эл аралык мунапыстык уюму  Израилге каршылык көрсөттү

Эл аралык мунапыстык уюму  палестиналык туткун Хыдыр Аднандын өлүмүнүн Израилдин камактагыларга карата катуу мамилесин ортого салгандыгын айтты.

1983085
Эл аралык мунапыстык уюму  Израилге каршылык көрсөттү

Эл аралык мунапыстык уюму  палестиналык туткун Хыдыр Аднандын өлүмүнүн Израилдин камактагыларга карата катуу мамилесин ортого салгандыгын айтты.

Эл аралык мунапыстык уюму Израил түрмөсүндө каза болгон палестиналык туткун Хыдыр Аднанга байланыштуу билдирүү жарыялады.

Эл аралык мунапыстык уюму Хыдыр Аднандын өлүмүнүн Израилдин палестиналык туткундарга жасаган катаал мамилесин ачыкка чыгарганына көңүл бурду.

Эл аралык мунапыстык уюмунун билдирүүсүндө Аднандын ачкачылык акциясын Израилдин системалуу түрдө негизсиз камоолоруна жана палестиналыктарга карата катаал мамилесине каршылык көрсөтүү үчүн жасаганы эске салынды.

Аднандын зомбулук окуяларына аралашкандыгына байланыштуу эч бир айыптоонун жок экендиги белгиленди.

Маалыматта Аднандын өлүмүнүн Израилдин палестиналык туткундарга катуу мамиле кылгандыгын ортого салгандыгы билдирилди.

Эл аралык мунапыстык уюму Израиль мекемелерине эртерээк Аднандын сөөгүн үй  - бүлөсүнө тапшырууга чакыруу салды.

Израиль түрмөсүндө 87 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан палестиналык туткун Хидыр Аднан каза болду.



Тектеш кабарлар