Эквадордогу жер көчкү: 51 адам каза болду

Апааттан каза болгондордун саны 51ге жеткени, дайынсыз жоголгондорду издөө иштеринин уланып жатканы кабарланды.

1982951
Эквадордогу жер көчкү: 51 адам каза болду

Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо 27-мартта болгон жер көчкүдөн каза тапкандардын санынын 51ге жеткени билдирилди.

Эквадордун Улуттук тобокелдиктерди башкаруу катчылыгынан жасалган билдирүүдө, Чимборазо аймагынын Алауси шаарчасында болгон жер көчкүдөн каза тапкандардын санынын көбөйгөндүгү белгиленди.

Апааттан каза болгондордун саны 51ге жеткени, дайынсыз жоголгондорду издөө иштеринин уланып жатканы маалымдалды.

Жетекчилер жер астында дагы 37 адамдын бар экенин жана сөөктөргө жетүү үчүн кылдат иш жүрүп жатканын билдиришти.

Жер көчкүдөн 163 үй жабыркап, 57 үйдүн толугу менен кыйраганы кабарланган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары аймактагы тоодо бир канча убакыттан бери жаракалар пайда болуп, жер көчкүнүн жүрүшүнө себеп болгонун айтышты.

Эквадордун Транспорт жана коомдук иштер министрлиги, жабылган жолдорду кыймылга кайра ачуу үчүн тынымсыз иштеп жатканын жана 30-мартта Чимборазо аймагында "өзгөчө кырдаал" жарыялагандарын билдирген.



Тектеш кабарлар