АКШда 14 - майдагы шайлоо үчүн добуш бериле баштады

Түркияда 14 -  майда боло турган президеттик  жана парламенттик шайлоо үчүн  АКШда тогуз башка жерде  добуш берүү башталды.

1980954
АКШда 14 - майдагы шайлоо үчүн добуш бериле баштады

Түркияда 14 -  майда боло турган президеттик  жана парламенттик шайлоо үчүн  АКШда тогуз башка жерде  добуш берүү башталды. 

Шайлоочулар 29 -  апрель жана 7 -  майлда Вашигтон  элчилиги менен  Нью  -  Йорк, Бостон, Чикаго, Лос Анжелес, Маями жана Хьюстон  башкы консулдуктарында 09:00 - 21:00 саттар арасынла добуш бере алышат.

Нью-Йорк башкы консулдугунун кызматтык аймагында 29 - апрель - 1 - май күндөрү саат 09:00-18:00 аралыгында Түркевинен тышкары Нью-Жерси жана Лонг-Айлендде дагы кошумча шайлоо участкалары болот.

Президенттик шайлоо экинчи турга кала турган болсо 28 -  май жекшемби күнү боло турган экинчи тур үчүн белгиленген өкүлчүлүктөрдө 20 - 24 -  майда добуш берилет. 

Жалпы АКШда 134 246 шайлоочу бар. 

Британияда да шайлочулар 4 шаарда Түркиядагы шайлоо үчүн добуш беришүүдө.

Лондон, Манчестер жана Эдинбургда шайлоо  7 -  майга, Лестерде 1-майга чейин болот.

Францияда түрк шайлоочулар жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн тарта Мюлуз, Клермон-Ферран жана Ингре шаарларында добуш берүүгө бара баштады. Шайлоочулар 1-майга чейин добуш бере алышат.

Париж, Марсель, Страсбург, Лион, Нант жана Бордо шаарларында 27-апрелде башталган добуш берүү процесси 9-май саат 21:00гө чейин уланат.

Быйыл биринчи жолу урналар орнотулган Эйндховен шаарында шайлоочулар 1-майга чейин добуш беришет.

Россия Федерациясында жашаган түрк шайлоочулар да жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн тарта Түркиянын Москва элчилигинде орнотулган урналарда добуш бере башташты.

Түркиянын  Санкт-Петербург, Казань жана Новороссийск консулдуктарында ачылган урналарда добуш берүү процедуралары 7-май күнү кечке чейин уланат.

Грецияда борбор шаар Афинадагы Афина-Пирей башкы консулдугу менен Салоники, Комотини жана Родос башкы консулдуктарында добуш берүүгө барган түрк шайлоочулары 7-майга чейин добуш бере алышат.

Европада түрк калкы көп өлкөлөрдүн бири болгон Бельгияда Антверпен жана Хасселт шаарлары менен борбор шаар Брюсселде бүгүндөн тарта 9 күн добуш берүүгө болот.

Швейцариянын борбор шаары Берн, Женева жана Цюрихте түрктөр 7-майга чейин 3 башка жерде добуш бере алышат.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар