Месжид - и Аксада фанат еврейлер тинтүү жүргүздү

Израиль күчтөрүнүн коргоосу астындагы еврей фанаттар оккупациядагы Чыгыш Кудстагы Месжид  -  и Аксада тинтүү жүргүздү.

1980300
Месжид  -  и Аксада фанат еврейлер тинтүү жүргүздү

Израиль күчтөрүнүн коргоосу астындагы фанат еврейлер  оккупациядагы Чыгыш Кудстагы Месжид  -  и Аксада тинтүү жүргүздү.

Кудс исламдык фонддор башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, фанат еврей отурукташуучулар эрте менен топ түрүндө  Аксанын короосуна киришип тинтүү жүргүзүштү.

Отурукташуучулар тинтүү учурунда Месжид  -  и Аксанын чыгыш аймагында да диний сыйынууларын аткарууга аракет кылышты.

Израиль полициясы отурукташуучулардын коопсуздугун түзүү үчүн Аксанын  каалгаларында жана ичинде полиция санын көбөйттү.

Фанат еврейлер Израилдин «Көз карандысыздык күнүнөн» улам кечээ да Аксада тинтүү жүргүзгөн.

Израил менен Иорданиянын ортосунда 1994-жылдын 26-октябрында кол коюлган тынчтык келишимине ылайык, Месжид – и Акса Иордания фонддор, Ислам иштери жана ыйыктык министрлигине караштуу Иерусалим Ислам Фонддору Башкармалыгынын карамагында. Бирок еврей отурукташуучулар башкаруунун уруксаты болбостон бат  - бат Израиль полициясынын коргоосу астында Аксада тинтүү жүргүзүүдө.



Тектеш кабарлар