Эфиопиялык провинция башчылары Тиграйда

Тиграй провинциясында козголоңчуларга каршы күрөшкөн Амхара штатынын башкаруучусу Йиликал Кефале баш болгон көптөгөн жергиликтүү башкаруучуларды Мекелле аэропортунда Тиграй Убактылуу башкаруусунун төрагасы Гетачев Реда тосуп алды.

1980255
Эфиопиялык провинция башчылары Тиграйда

Эфиопиянын  түндүгүндөгү козголоңчу Тиграй Элдик Боштондук Фронту менен өкмөттүн ортосунда түзүлгөн тынчтык келишиминен кийин өлкөдөгү провинция башкаруучулары биринчи жолу Тиграйга барышты.

Тиграй провинциясында козголоңчуларга каршы  күрөшкөн Амхара штатынын башкаруучусу Йиликал Кефале баш болгон көптөгөн жергиликтүү башкаруучуларды Мекелле аэропортунда Тиграй Убактылуу башкаруусунун төрагасы Гетачев Реда тосуп алды.

Сапарда Оромия провинциясынын башчысы Шимелис Абдисса жана Сомали провинциясынын башчысы Мустафа Өмер сыяктуу негизги ысымдар да орун алды.

Өлкөнүн түндүгүндө 2020 – 2022 – жылдары козголоңчулар менен болгон кагылышууларда Тиграй жана айланасында жүз миңдеген киши жер которууга мажбур болуп, аймакта чоң адамзаттык трагедия  болгон.

2022 -  жылы ноябрь айында түзүлгөн тынчтык келишиминин акырында Тиграй Элдик Боштондук Фронту куралдарын таштап жана анданкийин өкмөт Тиграй Элдик Боштондук Фронтун террордук уюм тизмесинен чыгарган.

Провинцияда акыркы жолу Тиграй Элдик Боштондук Фронтунун жол башчылыгында убактылуу башкаруу курулган.



Тектеш кабарлар