БУУда вето укугу боюнча талкуулар уланууда

Элчи Седат Өнал Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында «Ветонун колдонулушуна» байланыштуу өткөрүлгөн сессияда сөз сүйлөдү.

1979961
БУУда вето укугу боюнча талкуулар уланууда

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин вето укугу боюнча талкуулар уланууда.

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү, элчи Седат Өнал вето колдонуунун чара көрүүгө тоскоолдук жаратып, кризистин уланышына себеп болгонун айтты.

Элчи Седат Өнал Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында «Ветонун колдонулушуна» байланыштуу өткөрүлгөн сессияда сөз сүйлөдү.

Коопсуздук Кеңешинин бардык мүчө мамлекеттердин атынан кыймыл кылганын жана мыйзамдуулугун Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрүнөн алганына көңүл бурган Өнал: «Көп учурда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин өз жоопкерчилиги менен ыйгарым укуктарын аткара албаганын көрүп жатабыз»,-деди.

Элчи Өнал вето колдонуунун кризистердин уланышына жана гуманитардык чыгымдардын көбөйүшүнө себеп болгонун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар