Кытайдан санариптик юань кадамы

Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, пилоттук ишке жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери тартылат.

1978323
Кытайдан санариптик юань кадамы

Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясындагы Чаншу шаарында мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы эмки айдан тарта расмий санариптик валюта e-CNY (санариптик юань) менен төлөнөт.

Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, пилоттук ишке жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери тартылат.

Айлык төлөмдөрүн санариптик валютада жүргүзүү чечими электрондук юанды колдонууну стимулдаштырууга карай маанилүү кадам катары каралууда.

"e-CNY" деп аталган расмий санариптик валюта 2020-жылы пилоттук тиркеме менен Чинжин, Суку, Чинду жана Сяонган Жаңы Зоналарында ишке киргизилген.

Кытайдын Борбордук банкы 2022-жылы пилоттук тиркеменин чөйрөсүн кеңейтип, Apple'дин iOS жана Google'дун Android дүкөндөрүндө санариптик юань үчүн электрондук капчык катары колдонула турган мобилдик тиркемени чыгарды.

Онлайн төлөм системалары кеңири колдонулган Кытайда накталай акчаны колдонуу бир топ кыскарган.



Тектеш кабарлар