Түштүк Кипр рум башкаруусу изделген ПКК мүчөсүн тапшырат

Түштүк Кипр рум башкаруусу Германия тарабынан "террордук уюмга мүчө болуу" айыптоосу менен камоо ордери  чыгарылган шектүүнүн шарттуу түрдө тапшырылышына чечим чыгарды.

1977374

Рум медиасында орун алган кабарга караганда, Ларнака райондук соту 15-марттан бери камакта жаткан жана ПКК мүчөсү экени айтылган 49 жаштагы Кенан Аястын Германия тарабынан чыгарылган «Европа камакка алуу ордеринин» алкагында шарттуу түрдө тапшырылышына  чечим чыгарды.  

Сот Аястын тапшырылышын Түркияга бербөө жана Германияда болгон соттун жыйынтыгында жаза же чектөө ала турган болсо муну Түштүк Кипрде тартуу шартына байланыштырды.

Тапшырылышына чечим чыгарылган Кенан Аястын тергөө иштери аяктаганан кийин немис жетекчилерге кыска убакытта тапшырылары билдирилди. 

Германиянын "террордук уюмга мүчө болуу" айыптоосу менен изгеген Кенан Аяс 15 -  мартта Ларнака аэропортунан Түштүк Кипр рум башкаруусунан чыгып бара жатканда кармалып камакка алынган.

Аяс 4 жылдан ашуун убакыттан бери Түштүк Кир рум башкаруусунда баш калкалоочу катары жашап жаткан. 

Тектеш кабарлар