Иранда мэр өлтүрүлдү

Ирандын мамлекеттик телеканалы билдиргендей, Масудинин өлтүрүлгөнү Шираз шаардык кеңешинин залында жарыяланды.

2138905
Иранда мэр өлтүрүлдү

Ирандын Фарс провинциясынын Шираз шаарынын 5-округунун мэри Реза Масуди өз үйүндө белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлдү.

Ирандын мамлекеттик телеканалы билдиргендей, Масудинин өлтүрүлгөнү Шираз шаардык кеңешинин залында жарыяланды.

Жергиликтүү маалымат каражаттарындагы кабарларда Масудинин жансыз денеси кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 чамасында Шираз шаарындагы «Шахид Агайи» көчөсүндө жайгашкан үйүндө табылганы маалымдалган.

Азырынча мэр кандайча өлтүрүлгөнү тууралуу толук маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар