Путин Кытайдын коргоо министри менен жолугушту
Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин жазуу түрүндөгү маалыматында, Путиндин борбор шаар Москвада министр Лини кабыл алганы айтылды.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу эки өлкөнүн аскердик тармактагы кызматташтыгын талкуулашты.
Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин жазуу түрүндөгү маалыматында, Путиндин борбор шаар Москвада министр Лини кабыл алганы айтылды.
Путин жолугушууда Орусия менен Кытайдын аскердик тармактагы кызматташтыгына канааттанганын билдирип: «Биз аскер бөлүктөрүбүз аркылуу эффективдүү иштеп жатабыз, үзгүлтүксүз пайдалуу маалымат алмашуу менен аскердик-техникалык тармактарда кызматташып, биргелешкен машыгууларды өткөрүп турабыз», - деди.
Бул машыгуулардын Ыраакы Чыгыш жана Европада кургактык, деңиз жана аба күчтөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөнүнө көңүл бурган Путин: «Албетте, бул жогорку деңгээлдеги ишенимге негизделген мамилелерибиздин стратегиялык мүнөзүн бекемдеген дагы бир маанилүү багыт»,- деди.
Ли да жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы аскердик тармактагы кызматташтыктын өсүүсүн улантып жатканын айтып: «Орусия менен Кытайдын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык тармакта кызматташуу акыркы убакта абдан жакшы өнүгүп жатат. Бул абал глобалдык жана аймактык коопсуздукка чоң салым кошууда»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Чадда чоң жарылуу болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/adb7/88ea/456a/66727c7dbb986.jpg?time=1718802371)
Чадда чоң жарылуу болду
Энцемин аэропортуна жакын жердеги Гонджи аймагындагы аскердик ок-дары сакталган кампада өрт чыкты.