Израилдиктер кайрадан көчөлөргө чыкты

Тель-Авив, Батыш Кудс, Хайфа, Нетанья, Бирюссеби жана Реховот сыяктуу шаарлардагы демонстрацияларга он миңдеген израилдик катышты.

1975555
Израилдиктер кайрадан көчөлөргө чыкты

Израилдиктер бир нече жумадан бери премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнүн талаштуу соттук жобосуна каршы демонстрациясын улантышууда.

Нетаньяху жетектеген ашынган оңчул коалициялык өкмөттүн сот тартибине каршы ар ишемби күнү кечинде өлкө боюнча массалык демонстрацияларды өткөргөн израилдиктер нааразылык акцияларынын 15-жумасында кайрадан аянттарга чыкты.

Тель-Авив, Батыш Кудс, Хайфа, Нетанья, Бирюссеби жана Реховот сыяктуу шаарлардагы демонстрацияларга он миңдеген израилдик катышты.

Ар жумада болуп өткөндөй эле бул демонстрацияга да он миңдеген демонстранттар Тель-Авивдеги Каплан көчөсүндөгү өкмөттүк комплекстин алдына чогулду.

Израилдин 12-канал телеканалынын маалыматына караганда, Тель-Авивдеги демонстрацияларга 115 миң адам катышты.

Демонстрацияларга Израилдин саясат, жогорку бюрократия, искусство жана бизнес сыяктуу түрдүү катмарынан келген ысымдар да катышты.

Батыш Кудста да миңдеген демонстранттар президенттик резиденциянын алдына чогулуп, сот тартибине каршы чыгышты.

Нетаниядагы демонстрацияларга 30 миңдей израилдик катышса, бул жердеги демонстрацияларга мурдагы премьер-министр жана негизги оппозиция лидери Яир Лапид катышты.

Израилдеги сот реформасы Жогорку Соттун ыйгарым укуктарын чектеген жана сотторду дайындоодо бийлик өз сөзүнө ээ болгон өзгөртүүлөрдү камтыйт.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяху 27-мартта өлкө боюнча массалык нааразылык акцияларын жана иш таштоолорду жараткан соттук тартипти кийинкиге жылдырганын жарыялады.

Бирок өкмөт кийинкиге калтырылган жобону май айынын башында Жогорку Кеңешке алып чыгышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар