Зеленский Польшада коомчулукка кайрылуу жасады

Зеленский расмий сапар менен барган Польшанын борбору Варшавада коомчулукка кайрылуу жасады.

1970958
Зеленский Польшада коомчулукка кайрылуу жасады

Украинанын президенти Владимир Зеленский: «Эгер Украина менен Польша ийиндеше турса, Орусия Европаны жеңе албайт»,-деди.

Зеленский расмий сапар менен барган Польшанын борбору Варшавада коомчулукка кайрылуу жасады.

Зеленский Польшанын аскердик колдоосу Украинага чоң жардам берип, анын эркиндигине салым кошконун белгилеп: «Биздин эркиндик сиздин эркиндигиңиздерди да бекемдейт»,-деп айтты.

Зеленский Польша элине жана анын башкаруучуларына украиндерге меймандос мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип: «Эгер Украина менен Польша ийиндеше турса, Орусия Европаны жеңе албайт»,-деди.

Польшанын президенти Анджей Дуда да Орусиядан талап кылынуучу жалгыз нерсе анын Украинанын аймагынан толугу менен чыгып кетиши экенин айтты.

Украиналыктардын жашоосу боюнча эч кандай сүйлөшүү болбой турганын белгилеген Дуда: «Бүгүн биз Москвага, Кремлге «бизди бөлбөйсүңөр» деген так билдирүү жөнөтүп жатабыз»,-деди.

Поляктар менен украиндерди жүздөгөн жылдык орток тарых байланыштырганын белгилеген Дуда: «Керек учурда поляктар катары муктаж болгон боордошторубузга кол сундук. Украинага танк, бронетранспортер, гаубицалар, учактарды жеткирип жатабыз. Башка өлкөлөргө үлгү болуп, кээде алардын курал-жарак жеткирүүгө каршылыгын сындырып жатабыз»,-деди.

Ошол эле учурда эл алдында кайрылуу алдында жолуккан Зеленский менен Польшанын расмий өкүлдөрү ар кандай маселелер боюнча милдеттенмелерди алышып, келишимдерге кол коюшту.

Польшанын ушул убакка чейин Украинага 8 даана советтик өндүрүштөн чыккан «МИГ-29» үлгүсүндөгү согуштук учакты жөнөткөнүн эске салган Дуда, дагы 6 учактын жөнөтүлө турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар