Сириядагы кол салуу: 10 адам каза болду

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

1971111
Сириядагы кол салуу: 10 адам каза болду

Сириянын Дейр-эз-Зор шаарындагы аль-Тайм мунай кенинде Башар Асад режиминин жооптуу кызматкерлерин ташыган кичи автобуска ракеталык кол салуудан 10 киши каза болуп, 2 киши жараланды.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, Дейр-эз-Зордун Месраб чөл аймагындагы ал-Тайм мунай кенинде иштеген нефтини кайра иштетүүчү завод кызматкерлерин ташыган унаа белгисиз кишилер тарабынан бутага алынды.

Кол салууда мунай кенинде иштеген 10 адам каза болуп, 2 киши жараланды.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.



Тектеш кабарлар