Трамп сот алдына чыкты

Трамп түндү өткөргөн Trump Towerдан алгач Манхэттендин кылмыш соту менен бир имаратта жайгашкан Манхэттен округдук прокурорунун кеңсесине барды.

1970159
Трамп сот алдына чыкты

АКШнын  мурдагы президенти Дональд Трамп сотко келди.

Дональд Трамптын АКШнын Нью-Йорк шаарында 2016-жылдагы президенттик шайлоодо кино актер Сторми Дэниэлске акча төлөгөн деген айып менен козголгон доо арыздын алкагында сот ишин баштады.

Трамп түндү өткөргөн Trump Towerдан алгач Манхэттендин кылмыш соту менен бир имаратта жайгашкан Манхэттен округдук прокурорунун кеңсесине барды.

Трамп соттон мурда Truth Social аркылуу берген билдирүүсүндө : «Манхэттенге, адилеттик имаратына бара жатабыз. Бул абдан сюрреалдуу көрүнүүдө. Мени камашат. Мунун АКШда болуп жатканына ишенгим келбейт»,- деди.

Сот имаратында Трамптын бармак изи алынды жана сүрөтү тартылды.

Трамп сотт өзү тууралуу айыптоолорду уккандан кийин 34 айыптоонун баарын четке какты.

АКШнын мурдагы президенти Доналд Трампка каршы иш боюнча кийинки сот отуруму 4-декабрда Нью-Йоркто өтөт.

2024 – жылдагы шайлоо үчүн талапкер болгон Дональд Трамп айыптоолордон улам сот алдына чыккан биринчи мурдагы президент болду.

Сот процесси боло турган Манхэттендеги сот имаратынын алдында катуу коопсуздук чаралары көрүлдү.

Аймакка юристтер менен басма сөз өкүлдөрүнө гана кирүүгө уруксат берилди.



Тектеш кабарлар