Миллиардерлердин саны да байлыгы да азайды

Миллиардерлердин байлыгы  500 миллиард долларга азайып, 12,2 триллион долларды түздү.

1970336
Миллиардерлердин саны да байлыгы да азайды

Американын бизнес журналы Forbes тарабынан 37-ирет жарыяланган миллиардерлердин тизмесине ылайык, дүйнө жүзү боюнча миллиардерлердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 28ге азайып, 2640ка жетти жана катары менен экинчи азайышын белгиледи.

Миллиардерлердин байлыгы  500 миллиард долларга азайып, 12,2 триллион долларды түздү.

Өткөн жылы Twitterди кымбат баада сатып алгандан кийин Tesla компаниясынын акциялары арзандаган Илон Маск миллиардерлер тизмесинде 1-орундан 2-орунга түштү. Масктын байлыгы өткөн жылга салыштырмалуу 39 миллиард долларга азайган болжол менен 180 миллиард доллар деп эсептелди.

Тизменин башында 211 миллиард доллар байлыгы менен кымбат баалуу буюмдардын гиганты LVMHдин төрагасы Бернар Арно турат. Ушундайча биринчи жолу Франциянын жараны тизменин башында орун алган болду.

Миллиардерлердин жарымына жакынынын байлыгы былтыркыга салыштырмалуу азайып, жалпысынан 254 адам миллиардер макамын жоготту.

Бул статусун жоготкондордун арасында FTX крипто акча биржасынын негиздөөчүсү жана мурдагы башкы аткаруучу директору Сэм Банкман-Фрид, FTXдин мурдагы жетекчилеринин бири Гари Ванг жана алдамчылык менен айыпталган музыкант Канье Уэст сыяктуу ысымдар көңүлдөрдү бурду.

Америка Кошмо Штаттары жалпы байлыгы 4,5 триллион доллар болгон 735 тизме мүчөсү менен эң көп миллиардерге ээ болууну улантты.  Кытай 2 триллион долларлык активи менен 562 миллиардер менен (Гонконг менен Макаоду кошкондо) экинчи, Индия болсо 675 миллиард доллар байлыгы менен 169 миллиардер менен үчүнчү орунда.

Быйыл миллиардерлер тизмесине Түркиядан 26 ысым кирди. Эрдемоглу Холдингдин башкаруу кеңешинин төрагасы Ибрахим Эрдемоглу 5,3 миллиард доллар байлыгы менен Түркиянын биринчи, дүйнөнүн 497- эн бай адамы болду.

2021-жылы Forbes тарабынан жарыяланган миллиардерлер тизмесине кирген адамдардын саны 2 миң 755ке өсүп рекорд жаңырган жана Ковид-19 эпидемиясына карабастан миллиардерлердин жалпы байлыгы 5 триллион долларга өсүп, 13,1 триллион долларга жеткен.



Тектеш кабарлар