Сирияда миналардан каза болгондор

Сирияда миналардын жана кассеталык бомбалардын калдыктары кеминде 3353 адамдын өмүрүн алды.

1969891
Сирияда миналардан каза болгондор

Сирияда миналардын жана кассеталык бомбалардын калдыктары кеминде 3353 адамдын өмүрүн алды.

Сириядагы жарандарга карата мыйзам бузууларды документтештирген Сирия Адам Укуктары Тармагы (SNHR) 2011-жылы март айында башталган жарандык согушта өлкөнүн ар кайсы провинцияларында согушкан топтордун жөө аскерлерге каршы миналар жана кассеталык бомбалардан улам каза болгондор тууралуу отчетун жарыялады.

Буга ылайык, 2011-жылдын мартынан бери миналардын жарылуусунан кеминде 2971 жаран, анын ичинде 765 бала жана 304 аял каза болду. Каза болгондордун арасында 8 медицина кызматкери, 7 жарандык коргонуу (Ак каскачандар) ыктыярчысы жана 9 медиа кызматкери бар.

Жарандык согуш маалында Сириянын ар кайсы провинцияларында жөө аскерлерге каршы миналардын көптөгөн түрлөрүнүн жайгаштырылгандыгы белгиленди.  

Кассеталык бомбанын калдыктарынын минага айланганына басым жасалды.

Асад режиминин күчтөрү жана Россия тарабынан жасалган кассеталык бомбалардын калдыктарынын жарылышынын натыйжасында 31 аял жана 124 бала болгон кеминде 382 жаран каза болду.

Ушундайча жарандар үчүн чоң коркунуч туудурган миналар жана кассеталык бомбалардын жарылуусунан кеминде 3353 жаран каза болду.

Жөө аскерлерге каршы жайгаштырылган миналардын жарылуусунан эң көп курмандык болгон облус Халеп болду.

Аталган мезгилде Халепте 759, Раккада 646, Дейр-эз-Зордо 499, Хамада 287, Дерада 266, Идлибде 172, Хасакада 144, Хомста 110, Дамаскта 70, Сувейдада 12,  Кунейтрада жана Латакияда 2 жаран миналардын жарылуусунан каза болду.



Тектеш кабарлар