Малайзия Кытай менен сүйлөшүүгө даяр

Энвер Ибрахим Малайзиянын энергетикалык фирмасы Петронастын Түштүк Кытай деңизинде эң чоң мунай чалгындоо платформасына ээ экенин белгиледи.

1969272
Малайзия Кытай менен сүйлөшүүгө даяр

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрахим, өлкөнүн энергетика булактарын чалгындоо иштерин коргоо үчүн Пекин менен Түштүк Кытай деңизи маселесин талкуулоого даяр экендиктерин билдирди.

Маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Энвер Ибрахим Малайзиянын энергетикалык фирмасы Петронастын Түштүк Кытай деңизинде эң чоң мунай чалгындоо платформасына ээ экенин белгиледи.

Энвер Ибрахим Кытайга жасаган расмий сапарында бул теманын президент Си Цзиньпин менен болгон жолугушуусунда күн тартибине коюлганын айтты.

Ибрахим: "Кытайдын да аймакта өз талабы бар. Мен ага биз мунай жана жаратылыш газ ресурстарына муктаж болгон кичинекей өлкө экенибизди жана чалгындоо долбоорлорун улантышыбыз керектигин айттым. Эгер кырдаал сүйлөшүүлөрдү талап кылса, сүйлөшүүгө даярбыз",-деди

Премьер-министр Ибрахим өлкөнүн энергетикалык чалгындоо иштерин коргоону каалагандарын белгилеп, «Түштүк Кытай деңизи маселесин Пекин башкаруусу менен сүйлөшүүгө даярбыз»,-деди. 

Түштүк Кытай деңизи, жээктеги өлкөлөр Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эгемендүүлүккө ээ болгондон бери эгемендик талаштарын жаратып келүүдө.

Кытай Түштүк Кытай деңизинин 80 пайызына эгемен экенин айтып келет. Филиппин, Вьетнам, Бруней жана Малайзия өңдүү жээктеги коңшу өлкөлөр да аймакта өз талаптарын коюшууда.



Тектеш кабарлар