Россиянын өзөктүк курал жайгаштыруу чечимине каршылык көрсөтүлдү

Литванын тышкы иштер министри Габриэлиус Ландсбергис Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө Россиянын чечимин сынга алды.

1965845
Россиянын өзөктүк курал жайгаштыруу чечимине каршылык көрсөтүлдү

Литванын тышкы иштер министри Габриэлиус Ландсбергис Россиянын президенти Владимир Путиндин Беларуста тактикалык өзөктүк куралды жайгаштыруу чечимин “алсыздык” деп мүнөздөдү.

Ландсбергис  Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө Россиянын чечимин сынга алды.

Россияга катуу каршылык көрсөтүүнүн зарылдыгын баса белгилеген Ландсбергис : «Бул чечим менен Россия күчүн эмес, алсыздыгын көрсөттү, олуттуу санкциялар, Балтика аймагына аскерлердин жайгаштырылышы жана НАТОнун чыгыш канатынын күчтөндүрүлүшү тилектештик жана чечкиндүүлүктү көрсөтөт»,-деди.

Польшанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө : "Путиндин чечими Россиянын Украинага каршы агрессиясына байланыштуу чыңалууну ого бетер күчөтүүдө. Бул Беларусту Россиянын согушуна тартуу үчүн жасалган кадам",- деген баа берилди.

Россиянын Беларуста тактикалык өзөктүк куралын жайгаштырарын жарыялоосунан кийин Швейцариянын Тышкы иштер министрлиги да Твиттер баракчасынан : "Россия Беларуста тактикалык өзөктүк куралды жайгаштырууну пландап жатканы тууралуу маалыматтарга таянып, Швейцария өзөктүк куралга байланыштуу бардык тобокелдиктерди азайтуу үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырат", — деп билдирди.

Ядролук согушта эч качан жеңип чыгуунун мүмкүн эместиги жана эч качан болбошу керектиги баса белгиленген билдирүүдө,  чыңалууну болтурбоого чакыруу салынды.

Германия да Россиянын Беларуста тактикалык өзөктүк куралын жайгаштыруу планын сынга алды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын орун басары Андреа Сассе Берлинде журналисттерге: «Биз Россиянын билдирүүсүнө кезектеги өзөктүк коркутуу аракети катары карап жатабыз жана бул риторикаларды жоопкерчиликсиз деп эсептеп, чечкиндүү түрдө четке кагабыз», - деди.

Сассе өлкөсүнүн Украинага туруктуу колдоосун улантууга убада берди.

Россиянын президенти Путин 25 - мартта Беларуста тактикалык өзөктүк куралдарды жайгаштырышарын белгилеп  : «Биз муну ядролук куралдарды жайылтпоо боюнча эл аралык милдеттенмелерибизди бузбастан жасайбыз»,-деп айткан.

НАТО жана Европа Биримдиги Россиянын бул чечимин “жоопкерчиликсиздик” деп табышты. Украинанын Тышкы иштер министрлиги да Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кезексиз чогулушун талап кылды.  



Тектеш кабарлар