БУУ Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноосун айыптады

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракета сыноосун айыптады.

1961601
БУУ Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноосун айыптады

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракета сыноосун айыптады.

Баш катчынын кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Баш катчы Түндүк Корея тарабынан континенттер аралык алыстыкка ээ  башка бир  баллистикалык ракетанын учурулушун катуу айыптайбыз",- деп айтылды.

Билдирүүдө Түндүк Кореянын туруктуулукту бузуучу аракеттерди аткаруудан баш тартуусу керектиги айтылып, БУУнун Коопсуздук кеңсесининчечимдеринин негизиндеги бардык эл аралык милдеттерине толугу менен баш ийүүгө чакырылды.

Түндүк Корея бейшемби күнү эртең менен Түштүк Кореянын Япония менен жакындашуусунан жана АКШ менен биргелешкен машыгуусунан кийин “душмандарга коркунуч туудуруу” үчүн континенттер аралык баллистикалык ракета учурганын жарыялады.

Түндүк Кореянын расмий Корея борбордук кабар агенттиги (KCNA) Түндүк Корея тарабынан учурулган ракетанын 6 миң 45 километр бийиктикке жеткенин жана 1000 километр аралыкты, өлкөнүн чыгыш жээгиндеги сууларга түшкөнүн билдирди.

 



Тектеш кабарлар