Мексикада нааразылык акциясы

Өлкөнүн ар кайсы шаарларында жүрүшкө чыккан топтор аялдарга жасалган зордук-зомбулукка каршы чыгып, аялдардын укуктарын коргоого чакырышты.

1956936
Мексикада нааразылык акциясы

Мексикада «8-Март аялдардын эл аралык күнүнөн» улам көпчүлүгү аялдардан турган миңдеген киши чогулуп, аялдарга карата жасалган зордук-зомлукка каршылык көрсөтүштү.

Баш калаа Мехикодо Улуттук сарай жайгашкан аянтка чогулган топтор коопсуздук күчтөрү менен тирешти.

Бир канча киши өкмөт сарайынын терезелерин өрттөгөндөн кийин полиция көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.

Окуя болгон жерге барган өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүп, жабыркагандар катталган жок.

Өлкөнүн ар кайсы шаарларында жүрүшкө чыккан топтор аялдарга жасалган зордук-зомбулукка каршы чыгып, аялдардын укуктарын коргоого чакырышты.

Мексика, Латын Америка өлкөлөрүнүн ичинен аялдарды өлтүрүү кылмышы боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ.



Тектеш кабарлар