Улуу Британияда тамак-аш жакырчылыгынан жабыркаган балдардын саны өстү

Изилдөөлөргө ылайык, сурамжылоого катышкан үй чарбаларынын 22 пайызы өткөн айда же тамактан баш тартканын же бир күн бою тамактанбаганын билдиришкен.

1955324
Улуу Британияда тамак-аш жакырчылыгынан жабыркаган балдардын саны өстү

Улуу Британияда тамак-аш жакырчылыгынан жабыркаган балдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге өстү.

The Guardian Азык-түлүк фондунун (Food Foundation) аналитикалык борборунун сурамжылоосуна шилтеме жасап, Улуу Британияда азык-түлүк жакырчылыгынан жабыркаган балдардын саны бир жыл мурункуга салыштырмалуу январь айында дээрлик эки эсеге өскөнүн жазды.

Изилдөөлөргө ылайык, сурамжылоого катышкан үй чарбаларынын 22 пайызы өткөн айда же тамактан баш тартканын же бир күн бою тамактанбаганын билдиришкен.

2022-жылдын январында бул көрсөткүч болгону 12 пайызды түзгөн.

Маалыматтарга караганда, тамак-аш тартыштыгынан жапа чеккен британиялык балдардын жалпы саны азыр 4 миллионго чукулдады.

Тынчсыздандырган тенденция өлкөдө энергиянын кымбатташынан улам азык-түлүк инфляциясы рекорддук деңгээлге жеткенде пайда болду.

Базар изилдөөчүсү Кантар ушул жуманын башында жарыялаган акыркы сандарга караганда, азык-түлүк инфляциясы учурда 17,1 пайызды түзүүдө, сүт, жумуртка жана маргариндин баасы эң тез өскөн.

Жашоонун баасы кризиси өкмөттүн үй чарбаларынын энергетикалык төлөмдөрүн колдоону кыскартуу жөнүндөгү акыркы чечими менен курчуду.

Коомчулук азыр британ жетекчилерин бүткүл өлкө боюнча мектептерде бекер тамактанууну жайылтууну талап кылууда.

Food Foundation тарабынан өзүнчө сурамжылоо көрсөткөндөй, катышуучулардын 80 пайызы бардык британиялык балдар үчүн мектепте бекер тамактанууну жактырышат.

Child Poverty Action Group маалыматы боюнча, учурда кирешеси жылына 7,400 фунт стерлингден аз болгон үй чарбалары гана бекер тамактанууга жарамдуу, ал эми жакырчылыкта жашаган, бирок жардамга укугу жок 800 миңге жакын балдар мунун тышында калууда.



Тектеш кабарлар