Египеттеги Хеопс пирамидасында жаңы жашыруун өтмөк табылды

Дүйнөнүн жети кереметинин бири болгон Хеопс пирамидасынын бийиктиги 140 метр жана Гиза пирамидаларынын эң чоңу болуп эсептелет.

1954330
Египеттеги Хеопс пирамидасында жаңы жашыруун өтмөк табылды

Египеттеги Гиза пирамидаларынын эң чоңу болгон Хеопс пирамидасынын (Король Хуфу пирамидасы) ичинде падышанын көрүстөнүнө алып барышы мүмкүн болгон жаңы жашыруун өтмөк табылды.

Египет басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Египеттин туризм жана тарыхый экспонаттар министри Ахмед Иса, Хеопс пирамидасынын алдында өткөргөн маалымат жыйынында Пирамидаларды изилдөө долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн казуу иштеринде Хеопстун ичинде узундугу 9 метрден ашкан, туурасы 2,1 метр болгон өтмөк табылганын айтты.

Египеттин министри бул ачылыштын Туризм жана тарыхый экспонаттар министрлиги, Байыркы эстеликтер боюнча Жогорку кеңеш жана Каир университетинин, ошондой эле АКШ, Франция, Германия, Япония жана Канададагы эл аралык университеттердин изилдөөлөрүнүн натыйжасында болгонун билдирди.

«Masrawy» сайтынын кабарына караганда долбоорго катышкан египеттик археолог Захи Хаввас: «Бул өтмөк падыша Хуфунун сөөгү көмүлгөн бөлмөнү коргогон деп ойлойм. Дагы да көп сырларды ачканга чейин изилдөөнү аягына чыгарышыбыз керек»,-деп айтты.

Каир университетинин ректору Мохаммед ел-Хашт да жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жашыруун өтмөктүн 7 жылдык үзгүлтүксүз иштөөнүн натыйжасында табылганын айтты.

4-Фараондор династиясынын тушунда Египетте жашаган падыша Хуфунун  атынан да аталган Хеопс пирамидасы биздин заманга чейин 2566-2589-жылдары курулган деп болжолдонууда.

Дүйнөнүн жети кереметинин бири болгон Хеопс пирамидасынын бийиктиги 140 метр жана Гиза пирамидаларынын эң чоңу болуп эсептелет.



Тектеш кабарлар