Дүйнөдөгү ашыкча салмактуулук көйгөйү

Дүйнө жүзү боюнча семирүү деңгээлинин өсүшү глобалдык экономикага олуттуу таасирин тийгизери билдирилди.

1954424
Дүйнөдөгү ашыкча салмактуулук көйгөйү

Дүйнөлүк семирүү федерациясы эч кандай чара көрүлбөсө 2035-жылга чейин жер шарынын калкынын жарымынан көбү семиз же ашыкча салмактуулар катары классификацияланаарын жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк семирүү федерациясы тарабынан жарыяланган отчетко ылайык, семирүү менен төрт миллиарддан ашык адам жабыркашы мүмкүн.

Африка жана Азиядагы төмөн же орто кирешелүү өлкөлөр бул жагынан эң чоң өсүштөрдү көрөрү күтүлүүдө.

Федерациянын башчысы профессор Луиза Баур, отчеттун жыйынтыгын ачык эскертүү катары мүнөздөдү.

Отчет өзгөчө балдар жана жаштар арасында семирүү көрсөткүчүнүн өсүп жаткандыгын баса белгилейт жана 2020-жылга караганда балдар жана кыздар арасында бул көрсөткүч эки эсеге көбөйөт деп күтүлүүдө.

Дүйнөдө ашыкча салмактуулуктун эң чоң өсүшү күтүлгөн 10 өлкөнүн тогузунун Африка менен Азиядагы кирешеси төмөн же орто төмөн өлкөлөр экени билдирилди.

Изилдөөлөр дүйнө жүзү боюнча семирүү деңгээлинин өсүшү глобалдык экономикага олуттуу таасирин тийгизип, дүйнөлүк ички дүң продукциянын 3 пайызын түзөрүн болжолдоодо.



Тектеш кабарлар