Вьетнамдын жаңы президенти

Ханойдогу Вьетнам Улуттук Парламенти кезексиз сессияда чогулду.

1953687
Вьетнамдын жаңы президенти

Вьетнамдын Улуттук парламенти, Во Ван Туонгду өлкөнүн жаңы президенти кылып шайлады.

Вьетнамда январь айында президенттик кызматтан кеткен Нгуен Сюань Фуктун ордуна келе турчу ысым белгилүү болду.

Улуттук басма сөздөгү кабарларга караганда, борбор шаар Ханойдогу Вьетнам Улуттук Парламенти кезексиз сессияда чогулду.

Парламенттик добуш берүүдө, Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин талапкери Во Ван Туонг өлкөнүн жаңы президенти болуп шайланды.

Туонг бул жерде сүйлөгөн сөзүндө өлкөсүнө жана элине кызмат кылып, конституцияга баш ийерин убада кылды.

2016-2021-жылдары премьер-министр болуп иштеген Нгуен Сюань Фук, 2021-жылдын апрелинен 2023-жылдын январына чейин президенттик кызматты аркалаган.

Никки Азия агенттигинин айтымына караганда, 100 миллион калкы бар Вьетнамда президенттик кызмат көпчүлүк учурда салтанаттык позиция катары сүрөттөлөт.



Тектеш кабарлар