Зеленский: "Орусия олуттуу жоготууларга учурады"

24-февралда башталган Украина-Орусия согушу уланып жатканда Украинанын Донбасс аймагында катуу кагылышуулар болуп жатат.

1948561
Зеленский: "Орусия олуттуу жоготууларга учурады"

Украинанын президенти Владимир Зеленский, орус күчтөрүнүн Донбасста олуттуу жоготууларга учураганын билдирди.

24-февралда башталган Украина-Орусия согушу уланып жатканда Украинанын Донбасс аймагында катуу кагылышуулар болуп жатат.

Украинанын президенти Зеленский орус аскерлеринин олуттуу жоготууларга учураганын айтып: «Абал баш аламан жана биз күрөшүп жатабыз. Баскынчыларга сокку уруп, Орусия олуттуу жоготууларга учуроодо»,- деди.

Украинанын Донбасс аймагында бир нече айдан бери кагылышуулар күчөгөн шаарларга токтолгон украин лидери: «Орусия Бахмут, Вухледар, Маринка, Креминна, Донбасста канчалык көп жоготууга учураса биз бул согушту ошончолук тезирээк токтото алабыз»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар