Тажикстанда кар көчкү жүрдү

Кар көчкүнүн айынан каза болгондордун саны 17ге жеткендиги билдирилди.

1947751
Тажикстанда кар көчкү жүрдү

Тажикстанда кар көчкүнүн айынан каза болгондордун саны 17ге жеткендиги билдирилди.

Тажикстан Өзгөчө кырдаалдар комитетинен берилген маалыматта өлкөнүн тоолуу аймактарына акыркы күндөрдө болгон кар көчкүдө каза болгондордун саны 17ге жеткендиги, каза болгондордун 16сынын Тоолуу Бадахшан автоном аймагында, бирөөсүнүн борбор шаар Душанбе жакындарындагы Варзоб шаарчасынан өткөн Душанбе  - Чанак курактык жолуна түшкөн кар көчкүнүн натыйжасында каза болгондугу маалымдалды.

Акыркы күндөрү 100гө жакын кар көчкүнүн болгондугу,  коркунучтун  уланып жаткандыгы баса белгиленип, кырсык болгон жерде издөө - куткаруу топторунун иштерин улантып жатканы маалымдалды.

Маалыматта көчкүнүн түшүшү менен борбор шаар Душанбе менен өлкөнүн түндүгүн бири бирине байланыштырган Душанбе  -  Чанак автожолу да араларында болгон айрым курактык жолдорунун унааларга жабылгандыгы маалымдалды.

Кечээ тажик бийликтери өлкөнүн тоолуу аймактарындагы кар көчкүдөн 13 адамдын каза болуп, 12 адамдын жабыркаганын кабарлап, бул апаатта 4 үйдүн толугу менен кыйрагандыгы, 35 турак жайдын, 5 ишкана жана инфраструктуралык системалардын олуттуу зыянга учурагандыгын билдиришкен.



Тектеш кабарлар