Румынияда учуучу объект кооптонуусу...

Румыниянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта НАТОнун командачылыгындагы эки согуштук учактын аба мейкиндигинде учуучу объекттин байкалышынан кийин абага көтөрүлгөнү белгиленди.

1946819
Румынияда учуучу объект кооптонуусу...

Аба мейкиндигинде «белгисиз учуучу объект» табылган Румыния кооптонду.

Румыниянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта НАТОнун командачылыгындагы эки согуштук учактын аба мейкиндигинде учуучу объекттин байкалышынан кийин абага көтөрүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө, метеорологиялык шарга окшош экени белгиленген учуучу объекттин өлкөнүн радар системасы тарабынан 11 миң метр бийиктикте аныкталганы билдирилди.

Согуштук учактардын аймакты 30 мүнөткө жакын сканерлегени маалымдалган билдирүүдө учкан объекттин табылбаганы белгиленди.

Румыниянын тышкы иштер министри Богдан Ауреску басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө: «Биздин согуштук учактар ​​радардан байкалганы менен эч кандай объект таба алган жок. Андыктан аба мейкиндигибизге коркунуч жок»,-деп айтты.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги 3-февралда кабарлагандай, Кытайга таандык делген бийик учуучу чалгындоо шарынын АКШнын материгинин үстүнөн учуп баратканы жана Монтана штатындагы кээ бир сезимтал аскердик объектилердин үстүнөн өткөнү аныкталган.

Кытай шардын өлкөгө таандык жарандык учак экенин, метеорологиялык изилдөө үчүн колдонулганын, башкаруу мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен шамалга сүйрөлүп кокустан АКШнын аба мейкиндигине кирип кеткенин билдирген.

Кытайдын билдирүүсү Вашингтонду канааттандырган жок жана 4-февралда президент Жо Байдендин буйругу менен шар Атлантика океанынын үстүнө көтөрүлгөндө аны АКШнын аймактык сууларында согуштук учак атып түшүргөн.



Тектеш кабарлар