АКШнын Россия тууралуу отчету
Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти «Россия уурдаган украиналык балдар үчүн» курган лагер тууралуу отчетту жарыялап, Москванын согуштук кылмыш жасагандыгын белгиледи.
Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти «Россия уурдаган украиналык балдар үчүн» курган лагер тууралуу отчетту жарыялап, Москванын согуштук кылмыш жасагандыгын белгиледи.
Министрликтин катчылык кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Йель университетинин колдоосу менен даярдалган отчетто Россиянын «согуш аймактарынан уурдаган украиналык балдарды окутуу жана багып алуу үчүн» көзөмөлгө алуу системасын түзгөндүгү билдирилди.
Билдирүүдө «Россияны жоопкерчиликке тартуу үчүн» программанын негизинде даярдалган жаңы отчетко караганда Россиянын «украиналык миңдеген балага карата потенциалдуу согуштук кылмыш» деп мүнөздөлгөн, кеминде 40 бала бакчадан турган системалуу тармакты иштетип жаткандыгы белгиленди.
«Украиналык балдардын кайрадан билим алышы жана багып алуу үчүн Россиянын системалуу программасы» атуу отчетто Кремль башкаруусунун Кара деңиз жээктеринен Сибирге чейин лагерь кургандыгына байланыштуу документ жана маалыматтар ортого салынды.
Мунун Женева келишимине терс экендиги баса белгиленген отчетто : «Россия жер которгон жана депортацияланган украиналык балдар катталган тизмелерди бөлүшүп, көз карандысыз байкоочулардын Украинанын Россиянын кол салуусу астындагы аймактарына жана Россиянын ичинде тийиштүү объектилерге кирүүсүнө уруксат бериши керек",- деп айтылды.
Орус аскерлери 24 – февралда Украинага чабуул жасай баштаган.
Тектеш кабарлар
Парижде Олимпиада иш - чаралар нааразылык акциялары менен үзгүлтүккө учуроодо
Олимпиада факели Франциянын аймагына барган 8 - майдан бери майрамга багытталган 23 акция өткөрүлдү.
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газа тилкесине 221 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.