АКШ: "Газада болуп жаткандар геноцид эмес"

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2139098
АКШ: "Газада болуп жаткандар геноцид эмес"

АКШ бийлиги, Эл аралык Адилет сотунда геноцид боюнча айыпталган Израилдин Газага кол салууларын «геноцид эмес» деп эсептейт.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Жейк Салливан: «Израилдин 70 пайызын балдар жана аялдар түзгөн 35 миңден ашуун палестиналык каза тапкан жана 7-октябрдан бери улантып жаткан Газага кол салууларына байланыштуу «Газада болуп жаткандардын геноцид экенине ишенбейбиз. Бул сунушту кескин түрдө четке кага тургандыгыбыз маалымдалды»,- деди.

«Геноцид үчүн ниетке басым жасалган эл аралык кабыл алынган терминди колдонуудабыз» деген Салливан, Израилди кол салууларында карапайым калкка зыян келтирбөө үчүн көбүрөөк аракет кылууга чакырып, Израиль бейкүнөө жарандарды коргоо жана жыргалчылыгын камсыз кылуу үчүн дагы көп нерселерди жасай аларына жана кылышы керектигине ишенебиз»,-деди.

Түштүк Африка Республикасы, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 1948-жылдын 29-декабрындагы Геноцидди алдын алуу жана жазалоо боюнча конвенциясын бузган деген негизде Израилге каршы доо койгон.



Тектеш кабарлар