Европа Биримдиги жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн донорлор конференциясын өткөрөт

Фон дер Ляйен : «Түрк калкына жана Сирия калкына бул билдирүүнү жиберебиз ; Европа Биримдиги сиздерди колдойт. Мындай трагедиянын алдында эч ким жалгыз калтырылбашы керек»,- деди.

1944435
Европа Биримдиги жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн донорлор конференциясын өткөрөт

Европа Биримдиги башкаруусу 6 -  февралда эпицентри Кахраманмараш болгон  7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн таасирленген Түркия жана Сирияда жабыркагандарга жардам берүү үчүн март айынын башында донорлор конференциясын өткөрүшөрүн жарыялады.

Европа Биримдиги Комиссиясынан берилген маалыматта Комиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Европа Биримдигинин кезектешкен башкаруучусу Швециянын премьер  - министри Ульф Кристерссондун түрк бийлигинин координациясында ушундай    конференция уюштурууну каалагандары белгиленди.

Эл аралык коомчулуктун Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн каржылык жардам берүү үчүн аракетке өткөрүлүшүн максат кылынгандыгы белгиленген маалыматта конференциянын март айынын башында Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлүшүнүн пландалгандыгы билдирилди. Жогорку деңгээлдеги конференцияга коңшу өлкөлөр, Бириккен Улуттар Уюмунун  мүчөлөрү, эл аралык каржы мекемелери жана башка мекемелерге ачык болору, конференциянын Европа Биримдиги Комиссиясынын коңшулук жана кеңейүүдөн жооптуу мүчөсү Оливер Вархели менен Швециянын Эл аралык өнүгүү, кызматташтык жана тышкы соода министри Йохан Форселлдин жетекчилигинде өтө турганы айтылды.

Маалыматта көз караштарына орун берилген Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы фон дер Ляйен жер титирөөлөрдүн кыйратуучу таасири менен термелишкендерин, азыркы учурда алдыңкылыктын убакытка каршы жарышып уранды астынан мүмкүн болушунча дагы көп адамды куткаруу экендигин белгиледи.

Фон дер Ляйен : «Түрк калкына жана Сирия калкына бул билдирүүнү жиберебиз ; Европа Биримдиги сиздерди колдойт. Мындай трагедиянын алдында эч ким жалгыз калтырылбашы керек»,- деди.

Швециянын премьер - министри Кристерссон да жер титирөөлөрдүн өткөн күндөрдө  болуп көрбөгөндөй чоңдукта экендигин белгилеп: «Жер титирөөнүн кесепеттери чындыгында коркунучтуу»,-деди.

Кристерссон Европа Биримдигинин жардамдарынын Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын муктаждыктарынын камсыздалышында жетиштүү болушун каалашкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар