Афганистанда начар аба шарттарынан улам 176 киши каза болду

Акыркы жылдардын эң катуу кышын өткөрүп жаткан Афганистанда абанын температурасы  айрым аймактарда түнү - 30 градус, борбор шаар Кабулда болсо  - 10   градуска жетүүдө.

1944501
Афганистанда начар аба шарттарынан улам 176 киши каза болду

 Афганистанда акыркы бир айдан бери таасири астына алган ыңгайсыз аба шарттарынан улам каза болгондордун саны 176га жогорулады.

Акыркы жылдардын эң катуу кышын өткөрүп жаткан Афганистанда абанын температурасы  айрым аймактарда түнү - 30 градус, борбор шаар Кабулда болсо  - 10   градуска жетүүдө.

Талибан убактылуу өкмөтүнүн Жаратылыш кырсыктары боюнча мамлекеттик министрлигинин басма сөз катчысы Шафиулла Рахими өлкө боюнча катуу сууктан улам 176 адамдын каза болгондугун билдирди.

Азыркы тапта өзгөчө Афганистандын түндүгүндөгү Гиндукуш тоолорунда жайгашкан Бадахшан провинциясында жетишиле албаган көптөгөн жерлердин бар экенин белгилеген Рахими гуманитардык жардамдар боюнча кемчиликтердин бар экенин айтты.

Рахими эл аралык коомчулукту кыштын катаал шарттарынан жапа чеккен афган элине жардам берүүгө чакырды.

Рахими эл аралык коомчулукту кыштын катаал шарттарынан жапа чеккен афган элине жардам берүүгө чакырды.

Кыштын катаал шарты экономикага да терс таасирин тийгизүүдө. Талибан башкаруусунун Айыл чарба, сугат жана мал чарба министрлигинин басма сөз катчысы Мубахиддин Мустайн мындан мурда  басма сөзгө берген билдирүүсүндө 20 провинцияда 129 миңи кой - эчки болгон болжол менен 260 миң майда жана бодо малдын кырылгандыгын билдирген.

Өзгөчө суук аба шарттарында күч алган талаптардын камсыздалбашынан улам жалпы өлкөдө көптөгөн сааттарга созулган электр үзгүлтүктөрү болууда. Кабулдун борборунда да күнүнө 8 – 10  саат электр бериле албай жатат.

Аба ырайынын ыңгайсыздыгынан улам көп аймактарга, өзгөчө айыл жерлерине  барууда кыйынчылыктар жаралууда.

Афганистанда экономикалык кризистен улам кышында отун жана көмүр ала албаган аз кирешелүү топ  бар.

Мындан тышкары, айыл жеринде расмий иш кагаздарынын жоктугу да ушул сыяктуу курмандыктардын саны дагы көп болуу ыктымалдыгын жаратууда.

Өзгөчө кыш мезгилиндеги транспорттук кыйынчылыктар гуманитардык уюмдардын муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам жеткирүүсүн кыйындатууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча,  өлкөнүн калкынын дээрлик үчтөн экисин түзгөн 28 миллион адам чукул жардамга муктаж.



Тектеш кабарлар