Украинада Ички иштер министри жаңыдан шайланды
Украинада Игорь Клименко ички иштер министрлигине, ал эми Васил Малюк Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) башчысы болуп дайындалды.
![Украинада Ички иштер министри жаңыдан шайланды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/72d4/5bff/dd8d/63e23877a6c30.jpg?time=1722043310)
Украинада Игорь Клименко ички иштер министрлигине, ал эми Васил Малюк Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) башчысы болуп дайындалды.
Украина парламенти ички иштер министринин орун басары Игорь Клименкону Ички иштер министрлигине, Васил Малюкту Украинанын Коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп дайындалышын бекитти.
Акыркы 4 жылдан бери Украинанын полиция башчысы болуп иштеген 51 жаштагы Клеменко январь айында ички иштер министри Денис Монастирскийдин тик учак кырсыгында каза болушу менен ички иштер министринин орун басары катары Ички иштер министринин кызматын аткарып жаткан.
Малюк Украинанын Коопсуздук кызматынын төрагасы Иван Баканов өткөн жылдын июль айында кызматтан алынгандан кийин анын милдетин аткаруучу болуп Украинанын Коопсуздук кызматынын башчылыгына дайындалган.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722043311)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.