Россиянын Украинага карата кол салуусунда 11 киши каза болду

Орус армиясынын Украинага жасаган ракета жана учкучуз учуучу аппарат менен жасаган кол салууларында 11 кишинин каза болгондугу билдирилди.

1938640
Россиянын Украинага карата кол салуусунда 11 киши каза болду

 Орус армиясынын Украинага  ракета жана учкучуз учуучу аппарат менен жасаган кол салууларында 11 кишинин каза болгондугу билдирилди.

Украинанын мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматы тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта орус күчтөрүнүн 26 - январда аскердик учактардан аткан ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен Украинага кол салгандыгы белгиленди.

Маалыматта кол салуунун натыйжасында 11 кишинин каза болгондугу, 11 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди.

35 имараттын зыян тарткандыгы айтылган маалыматта эң көп  борбор шаар Киев аймагында инфраструктуранын зыян тарткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Украинанын Башкы штабынын төрагасы Валерий Залужный Россиянын 26 - январда 55 ракета аткандыгын,  47нин жок кылынганын, анын ичинен 20нын борбор шаар Киевде жок кылынгандыгын билдирди.

Өзгөчө орус армиясына таандык 24 учкучсуз учуучу аппаратынын Украина абадан коргоо күчтөрү тарабынан жок кылынгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар