Владимир Путин Кытайга расмий сапар менен барат.

Орус лидери кытайлык кесиптеши Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 16-17-майда өлкөгө барат.

2139424
Владимир Путин Кытайга расмий сапар менен барат.

 Лидерлер жолугушууда ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык өз ара аракеттенүүгө байланышкан бардык маселелерди кеңири талкуулашат. Россия  - Кытай практикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныктала турган жолугушууда актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча да пикир алмашуу болот.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү жасап, айрым эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Путин менен Си эки өлкөнүн дипломатиялык карым-катнаштарынын түзүлүшү жана Россия менен Кытайдын маданият жылынын ачылышынын 75 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу кечеге катышат.

Путин Кытайдын премьер-министри Ли Цян менен жолугушуп, соода, экономикалык жана гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты талкуулай тургандары күтүлүүдө.

Путин ошондой эле Хейлунцзян провинциясынын административдик борбору Харбин шаарына барат жана анда 8 – Россия  - Кытай ЭКСПО көргөзмөсүнүн жана 4 – Россия - Кытай аймактар ​​аралык кызматташтык форумунун ачылыш аземине катышат.

Мындан тышкары Путин Харбин политехникалык университетинин студенттери жана мугалимдери менен жолугушат.

Кытай АКШ менен геосаясий атаандаш жана Азия - Тынч океан аймагында тирешүүлөр күчөгөн мезгилде Украинадагы согуштан улам ушундай кыйынчылыктарга туш болгон Россия  менен жакындашуу саясатын жүргүзүүдө.

 



Тектеш кабарлар