Иран : "Өзөктүк иштерибизде эл аралык стандарттардан чыгуу болгон жок"

Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин башчысы Мухаммед Ислами өлкөсүнүн өзөктүк иштеринин  Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) стандарттарынан чыкпаганын билдирди.

1937782

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда Ислами борбор шаар Тегерандагы өкмөт жыйынынан кийин басма сөзгө маалымат берди.

Ислами : "МАГАТЭ менен кызматташуубуз уланууда. МАГАТЭнин бөлүмдөрүнүн отчетторунда айтылгандай, Ирандын өзөктүк иштеринде  эч кандай четтөө жок",-  деди. МАГАТЭнин директору Рафаэль Мариано Гроссинин Иранга сапарынын күн тартибинде экендигин белгилеген Ислами : «МАГАТЭнин өз максаттарына жетүү үчүн Иранга карата психологиялык кысым жана саясий демилгелерди колдонуусу эч кандай натыйжа берген жок», - деди.

Тектеш кабарлар