Украинада маанилүү кызматтагы айрым ысымдар кызматтан кетишти

Кирил Тимошенконун президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка бүгүн президент Владимир Зеленский кол койду.

1937298
Украинада маанилүү кызматтагы айрым ысымдар кызматтан кетишти

Украинада Президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары Кирил Тимошенко, коргоо министринин орун басары Вячеслав Шаповалов жана башкы прокурордун орун басары Алексей Симоненконун отставкасы кабыл алынды.

Президент Владимир Зеленский бүгүн Кирил Тимошенконун президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Президенттик аппараттын сайтында жарыяланган жарлыкта «Берилген арызга ылайык Кирилл Тимошенко, Украина президентинин аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду»,-деп айтылды.

2019-жылдан бери Украина президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан Тимошенко кызматтан кетүү тууралуу арызынын фотосүрөтүн кечээ өзүнүн Telegram каналында бөлүшкөн.

Коргоо министри Алексей Резников да анын орун басары Вячеслав Шаповаловдун отставкасын кабыл алды.

Украинанын Башкы прокуратурасынын Telegram каналында жарыяланган билдирүүдө да, вице-премьер-министр Алексей Симоненкону кызматтан алуу боюнча жарлыкка башкы прокурор Андрей Костиндин кол койгону кабарланды.

Бир тараптан Украинанын инфраструктура министринин орун басары Иван Лукеря менен жамааттар жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Вячеслав Негода да социалдык медиа эсептеринен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандарын жарыялашты.



Тектеш кабарлар