Украинада жаназа зыйнаты өткөрүлдү

Жаназа зыйнатына Украинанын президенти Владимир Зеленский да катышты.

1936066
Украинада жаназа зыйнаты өткөрүлдү

Украинанын борбору Киев облусунун Бовари шаарында тик учак кырсыгында каза болгон Украинанын ички иштер министри Денис Монастирский жана башка жетекчилер акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөрүлдү.

Министр Монастирский менен министрликтин 7 кызматкерин акыркы сапарга узатуу зыйнаты Киевдеги «Украина үйүндө» өткөрүлдү.

Жаназа зыйнатына Украинанын президенти Владимир Зеленский да катышты.

Зеленский жана  жубайы Олена Зеленска кыйраган тик учакта каза болгондордун жакындары менен жолугушуп, көңүл айтты. 18 -  январда эрте менен болгон тик учак кырсыгында Монастирский менен бирге 14 киши каза болгон. Окуяга байланыштуу Украинанын коопсуздук кызматы баштаган тергөө иштери уланууда.

 

 



Тектеш кабарлар