АКШ Ирак армиясына кеңеш берүүнү улантат

Ирак өкмөтүнүн ийгилигине көңүл бурган Макгурк АКШнын террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүүдө Ирак армиясына консультациялык колдоо көрсөтүүнү уланта турганын айтты.

1934107
АКШ Ирак армиясына  кеңеш берүүнү улантат

Америка Кошмо Штаттары  Ирак аскерлерине кеңеш берүүнү улантат.

Ирак премьер - министрлигинин басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда, Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка координатору Бретт МакГурк борбор шаар Багдадга жасаган сапарынын алкагында премьер - министр Мухаммед Шиа эс-Судани менен жолугушту.

Эки өлкөнүн карым - катнаштары жана элдердин кызыкчылыктары талкууланган жолугушууда МакГурк АКШнын Судан жетектеген Ирак өкмөтүн колдоону уланта турганын билдирди.

Ирак өкмөтүнүн ийгилигине көңүл бурган Макгурк АКШнын террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүүдө Ирак армиясына консультациялык колдоо көрсөтүүнү уланта турганын айтты.

Макгурк АКШ администрациясынын Ирактын энергетика, инфраструктура жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү тармагындагы реформаларын колдоо боюнча Стратегиялык алкактык келишимге берилгендигин дагы бир жолу кайталады.

Ирактын премьер - министри Судани ошондой эле өкмөт элдин кызыкчылыгына ылайык «достук жана боордош» өлкөлөр менен кызматташуунун горизонтторун ачууга ыктаарын билдирди.

Судани коопсуздук күчтөрүнүн террор менен күрөшүү жана өлкөдөгү ырааттуулукту түзүү аракетине басым жасады.

 

 

 



Тектеш кабарлар