ДССУ Кытайдын Ковид-19 маалыматтарын бөлүшүүсүн кубаттайт

ДССУнун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисустун Кытайдын Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясынын төрагасы Ма Шиаовэй менен жолуккандыгы белгиленди.

1932828
ДССУ Кытайдын Ковид-19 маалыматтарын бөлүшүүсүн кубаттайт

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) Кытайдын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) боюнча маалыматтарды жана жалпы абалды коомчулук менен бөлүшүүсүн кубаттады.

ДССУнун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисустун Кытайдын Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясынын төрагасы Ма Шиаовэй менен өлкөдөгү Ковид-19 эпидемиясы тууралуу жолуккандыгы белгиленди.

Билдирүүдө, «ДССУ бул жолугушууларды жана өлкөдөгү Ковид-19га байланыштуу жалпы кырдаалды коомчулук менен бөлүшүүнү жогору баалайт»,делди.

Кытай бийлиги маалымат жыйынында ДССУга амбулаториялык клиникалар, ооруканага жаткыруу, оор жардамга муктаж бейтаптар, Ковид-19 инфекциясынан каза болгондор жана башка маселелерден тышкары маалымат бергени айтылды.

Кытай тарабынан билдирилген учурлардын, ооруканага жаткыруулардын жана интенсивдүү терапияга муктаж болгон бейтаптардын санынын азайгандыгын баса белгилеп, ДССУ провинцияларга ылайык, убакыттын өтүшү менен маалыматтардын кеңири версиясын талап кылганы белгиленди.

Билдирүүдө ошондой эле, «ДССУ Кытай менен кызматташууну улантат, техникалык кеңештерди жана колдоо көрсөтүүнү жана кырдаалды талдоону улантат»,-деп айтылды.

Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы жана Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча улуттук администрациясы Омикрондун BA.5.2 жана BF.7 суб-варианттары учурда жайылып жүргөнүн ДССУга билдиргенине карабастан, ДССУнун расмий өкүлдөрү вирустун эволюциясы, клиникалык жардам жана башка маселелер боюнча техникалык топтор менен иштөө улантылышы үчүн ачык жеткиликтүү маалымат базалары менен көбүрөөк маалыматтарды бөлүшүүнү суранууда.



Тектеш кабарлар