БУУ балдарды коргоо үчүн чукул чара көрүүгө чакырды

Дүйнө жүзү боюнча эң көп жабыр тарткан 15 өлкөдө 30 миллиондон ашык бала тамак-аштын жетишсиздигинен жапа чегүүдө.

1932028
БУУ балдарды коргоо үчүн чукул чара көрүүгө чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелери, буга чейин болуп көрбөгөндөй азык түлүк жана тамактануу көйгөйүнөн жапа чеккен 30 миллиондон ашуун аялуу балдарды коргоо үчүн чукул чара көрүүгө чакырды.

БУУнун жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, кагылышуулар, климаттын өзгөрүшү, жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) уланып жаткан таасири жана жашоодогу кымбатчылык сыяктуу факторлор миллиондогон балдардын жетишсиз тамактануусуна себеп болуп, негизги ден соолук, тамактануу жана башка маанилүү кызматтар азыраак камсыздалган абалга айланды.

Дүйнө жүзү боюнча эң көп жабыр тарткан 15 өлкөдө 30 миллиондон ашык бала тамак-аштын жетишсиздигинен жапа чегүүдө, ал эми алардын 8 миллиону жетишсиз тамактануунун эң коркунучтуу деңгээлинде жашашат. Бул жагдай балдардын жашоосуна, узак мөөнөттүү ден соолугуна жана өнүгүүсүнө чоң көйгөйлөрдү алып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы (UNHCR), Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ), Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) балдардын жетишсиз тамактануусунан улам туш болгон көйгөйлөр боюнча глобалдык иш-аракеттер планын түзүүгө чакырды.

Бул план Ооганстан, Буркина-Фасо, Чад, Конго, Эфиопия, Гаити, Кения, Мадагаскар, Мали, Нигер, Нигерия, Сомали, Түштүк Судан, Судан жана Йемен сыяктуу эң көп жабыркаган өлкөлөрдө балдардын тамактануу менен байланышкан көйгөйлөрүн аныктоону, алдын алууну жана дарылоону камтыйт.

Көп секторлуу мамилени көздөгөн бул глобалдык план тамак-аш, ден соолук, суу, санитария жана социалдык коргоо системалары аркылуу эне жана балдар үчүн артыкчылыктуу тамактануу боюнча иш-аракеттерди колдойт.

БУУнун мекемелери ошондой эле бул кризистин трагедияга айланып кетишине жол бербөө үчүн "чечкиндүү жана өз убагында чара көрүүгө" жана БУУ тарабынан координацияланган инвестиция тартууга чакырды.



Тектеш кабарлар