Япон эсминеци деңизде калды

Япониянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда винти бузулган эсминецтин деңиз түбүндөгү ташка тийген болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

1931129
Япон эсминеци деңизде калды

Японияга таандык «Иназума» эсминецинин винти бузулуп, Ямагучиге жакын жерде калды.

Япониянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда винти бузулган эсминецтин деңиз түбүндөгү ташка тийген болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

190 экипаждуу жана салмагы 4550 тонна болгон эсминецтен окуядан кийин деңизге күйүүчү май акты. Окуяда жаракат алгандар болбостон эсминец аймакта якорь таштады.

Эсминецтин капитаны Айдзава Казуми ыктымалдуу кесиптик шалаакылыкка карата териштирүү процессинде Япония жээк коопсуздугу менен кызматташуунун түзүлөрүн белгиледи.

22 жылдан бери кызмат кылып жаткан, 151 метр узундуктагы жана 17,4 метр кеңдиктеги эсминецтин Түштүк - Чыгыштагы Хиросима верфинде күнүмдүк тейлөөдөн кийин сыноодон өтүп жаткандыгын билдирилди.



Тектеш кабарлар