Мария Захарова АКШнын Жакынкы Чыгыш саясаттарын сынга алды

Мария Захарова борбор шаар Москвада өткөргөн жумалык пресс- жыйынында АКШнын мамлекетиик катчысы Энтони Блинкендин Израил да болгон Жакынкы Чыгышка жасаган сапары тууралуу суроого жооп берди.

2135343
Мария Захарова АКШнын Жакынкы Чыгыш саясаттарын сынга алды

 Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова АКШнын акыркы жылдарда Палестина маселесине байланыштуу тынчтык процессин узурпациялап жана бул маселеге байланыштуу эл аралык мыйзамдын негиздердин бузулушуна алып келгендигин айтты.

Мария Захарова борбор шаар Москвада өткөргөн жумалык пресс- жыйынында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Израиль жана  Жакынкы Чыгышка жасаган сапары тууралуу суроого жооп берди.

Захарова Газа тилкесиндеги кризистинбашталышынан бери эл аралык жана эки тараптуу жолугушууларда да узак мөөнөттүү ок атышпоо жана Газа калкына тез арада гуманитардык жардам көрсөтүү зарылдыгын көп жолу айтышкандарына көңүл бурду.

Захарова : «Аймакта болуп жаткан трагедиялуу окуялар Жакынкы Чыгыш маселесинин чечилиши үчүн саясий горизонт так аныкталмайынча, кагылышуу аймагында туруктуу тынчтыкка жетишүү мүмкүн эмес экенин дагы бир жолу ачык көрсөтүүдө»,-деди.

Палестина менен израилдиктердин ортосундагы кеңири саясий диалогдун Бириккен Улуттар Уюму жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциялары жана эл аралык укуктук алкакта кайрадан башталышы керектигин белгилеген Захарова : «Бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында көз карандысыз мамлекет түзүлөт. 1967 - жылдагы чек араларда борбору Чыгыш Кудс болгон Израиль менен тынчтыкта ​​жана коопсуздукта жанаша жашаган көз карандысыз Палестина мамлекети түзүлүшү керек», - деди.



Тектеш кабарлар